Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-декабры № 18/4
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 3 680 000 (үч миллион алты жүз сексен миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылынын ички көчөлөрүнө күн чырак орнотуу” долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 3 680 000 (үч миллион алты жүз сексен миң) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |