Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жылдын_____ _______________ №_24____
Жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Алтын-Арашан айыл аймагынын Боз-Булун айылынын тургуну Эсенов Эрмек Эшимбекович, Боз-Булун айылындагы №405-контурундагы башка жерлеринен 0,20 га жер тилкесин мал сарай, үйү менен курууга бөлүп берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:
1.Боз-Булун айылынын тургуну, Эсенов Эрмек Эшимбековичке, Боз-Булун айылына караштуу №405 контурундагы башка жерлеринен 0,20 га жер тилкесин 10 баш ийри мүйүздүү, 15 баш майда мал багууга бөлүп берүүгө макулдук берет.
2. Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев