Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-апрели № 5/1
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомунун маданият тармагынын эсебинде 3111 имараттар жана курулуштар багытында бекитилип турган 1 000 000 (Бир миллион) сом акча каражатынын 500 000 (Беш жүз миң) сом акча каражатын Башкаруу аппаратынын эсебине 2215 башка чыгымдар багытына которулуп жана 500 000 (Беш жүз миң) сом акча каражаты Ийри-Суу айылындагы Көк-Жайык участкасын коруу үчүн сарпталсын.
2.Токтомду аткарлышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба боюнча бөлүмүнүн башчысы С.Сыдыковага тапшырылсын.
3.Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |