Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-апрели № 5/2
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга жайыттарды пайдалануунун планын бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга жайыттарды пайдалануунун планын бекитүү жөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар” жөнүндөгү мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга жайыттарды пайдалануунун планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомду аткарлышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевге тапшырылсын.
3.Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |