Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-апрели № 5/3
Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2025-жылдагы жазгы-күзгү айдап себүү, оруп-жыйуу, мал багуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2024-жылдагы жазгы-күзгү айдап себүү, оруп-жыйуу, мал багуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө айылдарынын протоколдорун карап жана Чет-Нура айыл өкмөт башчысынын баяндамасын угуп, жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2025-жылдагы жазгы-күзгү айдап себүү, оруп-жыйуу, мал багуунун тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Дың жерди айдоо 1800 сом 30 л солярка
Кара жерди айдоо 1500 сом 25 л солярка
Тырмоо 1000 сом 10 л солярка, экинчи тырмоосуна 10 л майы эле куюлат.
Сеялка 1000 сом 10 л солярка
Грабил 800 сом 10 л солярка
Пресс баардыгы ичинде 18 сомдон.
Комбайн кызматы 2500 сом 30 л солярка.
Шакап тартуу 3 л солярка 300 сом
Жадка чөп чабуу 1800 сом 10 л солярка.
Косилька 1200 сом 10 л солярка.
2.Мал багуунун баасы бодо малга 450 сом, майда жандыка 70 сом жана короонун саны майда жандыка 1200 баштан ашпашы керек.
3.Мыйзам чегинде токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.
Төрага | С. Бектемир уулу |