Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-апрели № 5/4
Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2025-жылга жаздоо-күздөө жайлоого көчүп-конуу, мал багуунун баасы, корук, сугат, жайлоодон көчүп келүү боюнча элдик жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2025-жылга жаздоо-күздөө жайлоого көчүп-конуу, мал багуунун баасы, корук, сугат, жайлоодон көчүп келүү боюнча элдик жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын баяндамаларын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын мал баккан жарандар жана чабандар ички жайыттан сырткы жайытка көчүп кетүүсү 5-июндан аба-ырайына жараша 10-июнга чейин жана кайра көчүп келүүсү 1-октябрь жэ Чет-Нура айыл аймагынын айылдарындагы акыркы эгин чабылып жыйналгычакты деп белгиленсин.
2. Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын 2025-жылга корук, сугат жана башка ушул сыяктуу маселелер боюнча иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги №3, Ак-Кыя айылынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги №2, Чет-Нура айылынын 5-апрелиндеги №4, Орто-Нура айылынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги №2, Ак-Булуң айылынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги №1, Ийри-Суу айылынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги №2, Төш-Булак айылынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги №2, Орук-Там айылындагы 2025-жылдын 7-апрелиндеги №2 кабыл алынган элдик жыйындарынын протоколдору бекитилсин жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган ар бир айылдын элдик протоколдоруна баш ийбеген тургундарга КР “Укук бузуулар” кодексинин чегинде айып пулдар салынсын жана чаралар көрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Жумалиев милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |