Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ VII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 23-майы № 7/1
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомундагы Төш-Булак айылынын коругун коруу эсебинде 3111 имараттар жана курулуштар багытында бекитилип турган акча каражатынан 203 миң 462 сом 68 тыйын (эки жүз үч миң төрт жүз алтымыш эки сом алтымыш сегиз тыйын) акча каражатын сот чечимдерин аткаруу үчүн 2823 багытына, которулуп сарпталсын.
2. Токтомду аткарлышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине тапшырылсын.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |