Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ VII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 23-майы № 7/2
Чет-Нура айыл ѳкмѳтүнүн Тѳш-Булак айылынын башкы суу алуучу Нарын дарыясынын жээгинен тартып Тѳш-Булак айылындагы А.Акматов атындагы 1 км 700 м узундуктагы сугат суу насостук трубасын, насостук станциясын жана 3600 м узундуктагы каналы мамлекеттик менчике алынып, Суу ресурстары кызматынын Нарын райондук суу чарба башкармалыгына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын негизинде Чет-Нура айыл ѳкмѳтүнүн Тѳш-Булак айылынын башкы суу алуучу Нарын дарыясынын жээгинен тартып Тѳш-Булак айылындагы А.Акматов атындагы 1 км 700 м узундуктагы сугат суу насостук трубасын, насостук станциясын жана 3600 м узундуктагы каналы мамлекеттик менчике алынып, Суу ресурстары кызматынын Нарын райондук суу чарба башкармалыгына ѳткѳрүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл ѳкмѳтүнүн Тѳш-Булак айылынын башкы суу алуучу Нарын дарыясынын жээгинен тартып Тѳш-Булак айылындагы А.Акматов атындагы 1 км 700 м узундуктагы сугат суу насостук трубасын, насостук станциясын жана 3600 м узундуктагы каналы мамлекеттик менчике алынып, Суу ресурстары кызматынын Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына ѳткѳрүлүп берилсин
2. Токтомдун аткарлышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагына караштуу Төш-Булак айылынын айыл башчысы Т.Белековго тапшырылсын.
3.Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://chetnura.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | С. Бектемир уулу |