Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ VII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 23-майы № 7/4
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Чет-Нура жана Орто-Нура айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу системасынын башкы булагын жана суу топтооочу курулмасын коруу, видеокөзөмөл системасын орнотуу жана кайтаруу бөлмө куруу максатында даярдалган долбоорду бекитүү жана сунуштоо жѳнүндѳ
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Чет-Нура жана Орто-Нура айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу системасынын башкы булагын жана суу топтооочу курулмасын коруу, видеокөзөмөл системасын орнотуу жана кайтаруу бөлмө куруу максатында даярдалган долбоорду бекитүү жана сунуштоо жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Чет-Нура жана Орто-Нура айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу системасынын башкы булагын жана суу топтооочу курулмасын коруу, видеокөзөмөл системасын орнотуу жана кайтаруу бөлмө куруу максатында даярдалган долбоору жактырылып бекитилсин жана Нарын райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2.Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://chetnura.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | С. Бектемир уулу |