Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 12-августу № 8/1
Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын
айрым жарандарга ыйгаруу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын айрым жарандарга Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-февралындагы №4/5 токтому менен өзгөртүлүп бекитилген “Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобого ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын элдик жыйналышынын протоколу менен жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн кайрылуусунуну негизинде сунушталган жарандарды талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Өмүрбеков Марс Базаркуловичке, Керим уулу Аманга, Черикбаев Талантбек Аскарбековичке, Абикова Аэлита Токторбаевнага, Асылбекова Миргүл Сатыгуловнага, Турсунов Акылбек Бакеновичке, Өмүрканов Элтуйбаска ыйгарылсын.
2.Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылган жарандарды сыйлоону уюштуруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Э.Султанбек уулуна тапшырамын.
3. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С. Бектемир уулу |