Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН А ЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 12-августу № 8/4
Чет-Нура айыл аймагынын турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына колдонулуучу зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына колдонулуучу зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагынын турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына колдонулуучу зоналдык коэффициентинин өлчөмү 1 ченден 1,3 ченге көтөрүлүп бекитилсин
2.Чет-Нура айыл аймагынын турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына бекитилген зоналдык коэффициентинин менен иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |