Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 12-августу № 8/7
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы № 3/15 “Чет-Нура айыл аймагынын 2025-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/15 “Чет-Нура айыл аймагынын 2025-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовдун кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/15 “Чет-Нура айыл аймагынын 2025-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо” жөнүндө токтому менен бекитилген 3111 имараттар жана курулуштар беренесиндеги Ак-Кыя айылындагы кампанын капиталдык ремонтуна каралган 1 100 000 (бир милион бир жүз миң) сом акча каражатын А.Жумабаев атындагы Ак-Кыя айылдык клубунун жылуулук системасын жаңыртууга багыты өзгөртүлүп берилсин.
2. Токтомду аткарлышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Мамырбековго тапшырылсын.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |