Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 12-августу № 8/11
Чет-Нура айыл аймагынын “Бактылуу бала” бала бакчасына 10 сааттык кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын “Бактылуу бала” бала бакчасынаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-жылдагы №201 токтомунун “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” жөнүндө снитардык-ченемдерине ылайык «Бактылуу бала» бала бакчасынын директору Ж.Чакиеванын кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагынын “Бактылуу бала” бала бакчасынаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-жылдагы №201 токтомунун “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” жөнүндө снитардык-ченемдерине ылайык 10 сааттык кошумча тайпа ачылсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Чет-Нура айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешов милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |