Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 12-августу № 8/12
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылына спорт комплекстин имаратын куруу максатында долбоордук-сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук өтүнмөгө жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылына спорт комплекстин имаратын куруу максатында долбоордук-сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук өтүнмөгө жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы М.Жусубалиеванын кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылына спорт комплекстин имаратын куруу максатында долбоордук-сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоордук өтүнмө жактырылып жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 300 000 (үч жүз ми) сом акча каражаты Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы М.Жусубалиевага тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |