Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 12-августу № 8/14
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын техника сатып алуу үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоордук өтүнмөнү сунуштоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын техника сатып алуу үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоордук өтүнмөнү сунуштоо жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы М.Жусубалиеванын кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын техника сатып алуу үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоордук өтүнмө жактырылып сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы М.Жусубалиевага тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |