Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 12-августу № 8/15
Чет-Нура айыл аймагынын “Чоң-Эне, Бактылуу бала, Чет-Нура, Нур-Байгазак, Гүлназик” бала бакчаларынын аттарын өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 7-июлундагы №42619 тапшырмасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарында болгон кеңешменин 2025-жылдын 11-апрелиндеги №18-3942 протоколунун 5-пунктун толук түрдө аткаруу үчүн Орто-Саз, Ак-Кыя, Чет-Нура, Орто-Нура, Ийри-Суу айылдарынын жалпы элдик чогулушунун протоколунун негизинде “Гүлназик” бала бакчалаларынын жетекчилеринин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIX чакырылышынын кезектүү VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагынын бардык бала бакчаларынын аттары өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Чет-Нура айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |