Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ ОКМОТУ
ТОКТОМ
20.04.20 №129
Улахол айыл Өкмөтүндө жазгы айдап себүү, таза суу, корукту уюштуруу, малды жайкы мезгилдерде жайлоого көчүрүү, малчыларды дайындоо жана малдын түрүнө жараша жайытты сезондуу пайдалануу жөнүндөгү айылдык жыйындардын негизинде Улахол айыл өкмөтү
1. Улахол айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы малдарды айылдын четиндеги жайыттарга калтырбай бада уюштуруу менен малды жогорку өрөөндөргө жеткирүү, жайыттарды чектөө ветеринария, мал чарбасы, жайыт боюнча башкы адисине, айыл башчыларына жана Улахол муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
2. Жайыт төлөмдөрүн өз убагында чогултуу Улахол муниципалдык ишканасынын жайыт боюнча инспекторуна милдеттендирилсин.
Мал багуу акысы төмөндөгүдөй чектелсин:
жылкы башына - 700 сом, уй башына – 700 сом, тай башына -1000 сом, кой-эчкиге – Оттук айылы-150 сом, Кара-Шаар айылы-150 сом, Кара-Талаа-150 сом, Шор-Булак-130 сом, Туура-Суу айылы-100 сом. Жайыт салыгы Оттук айылы, Кара-Шаар айылы, Кара-Талаа айылы жана Кара-Талаа айылы мал багуучудан жана жайыт пайдалануучудан алынсын, Туура-Суу айылы мал ээсинен алынсын.
3. Бадага мал топтоп жайытка көчпөй, чабынды жерди жедирип жаткан малчыларга «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин талаптарына ылайык төмөндөгүдөй айыптар салынсын:
- ушул токтомдун негизинде мал багууда ашыкча акы алган атуулдарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 124-беренесине ылайык 5500 (беш миң беш жүз) сом;
- май айынын 10-числосуна чейин жайлоого көчпөгөн жана сентябрь айынын 30-числосунан мурун көчүп келген атуулдарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 251-252-беренесине ылайык 7500 (жети миң беш жүз) сом;
- 10-майдан баштап 1-октябрга чейинки мезгилде айдоо аянттарына, огороддорго кирген малдарга мал башына:
- бодо малга-700 сом, кой-эчкиге-150 сом корукчуга же жер ээсине төлөнөт, корукчу корука түшкөн мал ээсине 3 (үч) сааттын ичинде далилдөө менен билдирүү берүүгө милдеттүү, мал ээси билдирүү алган учурдан тартып корука түшкөн малга жоопкерчилитүү болот, корукчу жер корууда мал кирген учурда жер ээсинин тарткан зыянын толтуруп берүүгө милдетүү, ошол эле корука кирген малдын ээси да төлөп берүүгө милдетүү;
- жайлоого чыгарбай ашык (субай) мал алып калгандарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 251-252-беренесине ылайык 5500 (беш миң беш жүз) сом;
-Жай мезгилинде 1 (бир) баш минген ат, 2 (эки) баш саан уйлардан башка мал алып калынбасын, уйлар кезүүгө кошулсун.
-Жайлоого чыгарылбай айыл четиндеги жайыттарга кой, эчки, тай жана башка мал калтырылбасын, ооруп келгендер 10 (он) күн аралыгында кайрадан тоого жеткирилсин.
-Жайлоого үйүр кылып жылкы чыгаргандар 30-сентябрга чейин жайлоодон Туура-Суу айылынын чегине чейин түшүрбөй көзөмөлдөө жагын уюштурсун. Жайлоодон малды эрте түшүргөндөргө «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 251-252-беренесине ылайык 7500 (жети миң беш жүз сом) айып салынып, малы кайра жайлоого айдалсын.
- бодо малдарын жайлоого акы төлөөдөн качып жөндөн-жөн айдап жиберген мал ээлерине малдары 30-сентябрга чейин жайлоодон түшүп келсе «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 251-252-беренесине ылайык 7500 (жети миң беш жүз сом) айып салынып, малы кайра жайлоого айдалсын.
-Топоздор сырт өрөөнүнө калтырылсын. Ар бир жылкы, уй, топоз милдеттүү түрдө идентификациялык каттоодон өткөрүлсүн, каттоодон өткөрүлбөгөн мал ээлерине «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык айып салынсын; сатып алынып келинген малдар милдеттүү түрдө аймактык каттоого алынсын;
- Төөлөр айылга жакын жерлерге багылбасын, бул талапка баш ийбеген атуулдарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 124-беренесине ылайык 5500 (беш миң беш жүз) миң сом айып салынсын;
- ветеринария жөнүндөгү мыйзамдын негизинде айылга оорулуу мал алып келсе жана дарылоо учурларында малдарын көрсөтпөй катып калган атуулдарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 222-беренесине ылайык 5500 (беш миң беш жүз) сом;
- мурабдардын уруксааты жок сугат сууларын буруп уурдаган атуулдарга мурабдын актысынын негизинде «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 249-беренесине ылайык 3000 (үч миң) сом, лотоктордон уурдап сугарган атуулдарга 5000 (беш миң) сом айып салынсын;
- эгерде айыл мураптары сууну жеке кызыкчылыгына пайдаланган, саткан учурларында «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 250-беренесине ылайык 3000 (үч миң) сом,
- айдоо жерлердин 1 га Оттук айылы-300 сом, Кара-Шаар айылы-250 сом, Кара-Талаа айылы- 250 сом, Шор-Булак айылы-500 сом, Туура-Суу- 200 сом, бакча 300 сомдон канча сугарса, айыл ичиндеги огородго 100 сомдон 4 жолку сугатка айылдык мураптарга төлөсүн:
- Шор-Булак айылы айдоо жерлердин 1 га 500 сом канча сугарса, айыл ичиндеги огородго 100 сомдон 3 жолку сугатка төлөнөт;
- чөп чабыкка 1 га үчүн -1000 сом, 10 литр күйүүчү май, ешкага 1 га үчүн 1300 сом, 10 литр күйүүчү май, тырмоокко- 700 сом, 10 литр күйүүчү май, пресстөөгө 10 литр күйүүчү май, бир даанасына 10 сомдон, комбайнга 1 га үчүн -3000 сом, 25 литр күйүүчү май төлөнсүн.
- жер айдап, малалап, себүүгө 1 га 5200 (төрт миң) сом, 55 литр күйүүчү май;
- арык тартуу 1 га үчүн -400 сом, 5 литр күйүүчү май.
- техника ээлерине айыл жыйындарында коюлган баадан ашык алган, өз эрежеси менен айдап-сеппеген, малалабаган, тырмабаган, чаппаган механизаторлорго 5000 (беш миң) сом;
- суу бөлүштүрүү графигине баш ийбей суу жыгып алгандарга 5000 (беш миң) сом айып салынсын; графигинен бир күн кыскартылсын;
- сугат мезгилинде суу акысын төлөбөгөн, арык тазалоого чыкпагандарга суу берилбесин;
- үлүш, аренда, өздөштүрүлгөн, жеке огороддоруна тиешелүү болгон арыгын чаппагандарга, сугарып бүтүп кулагын жаппагандарга 3000 (үч миң) сом айып салынсын;
- көчөлөргө жана белгиленбеген жерлерге таштандыларды төккөн атуулдарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык 5500 (беш миң беш жүз) сом кошуналардын жана айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде салынсын жана төгүлгөн таштанды тазалап чыгаруу айыпкерге жүктөлсүн;
4.Таза сууну түтүк менен сугатка пайдалангандарга, өз алдынча насос коюп алгандарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 119-беренесине ылайык 1000 (миң) сом айып салынсын.
5. Бадага чыккан малдардын башын тактап, саноо, малды өз убагында купкага салуу, ветеринардык эмдөөлөрдү жүргүзүү айыл башчыларына, ветеринария, мал чарба, жайыт боюнча башкы адиске, Улахол муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
6. Жайлоого багуучу малдарды 10-майдан кечикпей көчүрүү жана 1-октябрга чейин айылга түшүрбөө, орто тоого 1-июндан 5-сентябрга чейин түшүрбөө жагы муниципалдык ишканасы жана айыл башчылардын көзөмөлүнө берилсин. Улахол муниципалдык ишканасынын жайыт боюнча инспектору ар бир мал багуучу менен келишим түзүп бардык жагдайларды чагылдырсын. Жайыт пайдалануучулар жайыт билетиндеги чектелген жайыттарды гана пайдаланышсын.
7. Мал ээлери мал багуучу менен келишим түзүшсүн. Мал багуучу баккан малынан ооруган, өлгөндөрү болсо мал ээсине тезинен билдирип, тушу, териси, эн белгиси менен өз убагында берилсин, эгерде өз убагында берилбесе мал базар баасында төлөнүп берилсин.
8. Айыл ичиндеги кезүү кайтаруу учурунда каралбай калып мал өлсө, мал базар баасында төлөнүп берилсин. Эгерде мал кайтарыш үчүн унаа катары аттын күчүн пайдаланып келген киши унааны (атты) жоготсо же белгисиз себептер менен өлтүрүп алса, карышкырга жедирсе мал ээсине ат базар баасы менен төлөнүп берилсин.
9. Жайыт билет албагандарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 252-беренесине ылайык 7500 (жети миң беш жүз) миң сом айып салынсын.
10. Жайытка белгиленген мөөнөттө көчпөй койгондорго жана мөөнөтүнөн эрте көчүп келгендерге «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 251-252-беренесине ылайык 7500 (жети миң беш жүз) сом айып салынсын.
11. Малдын санын жашыргандар айырма башына 2 (эки) эсе ашык төлөө жүктөлсүн.
12. Айыл өкмөтүндөгү ветеринардык эпизоотиялык абалга байланыштуу ветеринардык жугуштуу ооруларга каршы вакцинацияларды өз убагында эмдөөлөрдү жүргүзүүгө каршы болгон мал ээлерине «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 222-беренесине ылайык 5500 (беш миң беш жүз) сом айып салынсын, жугуштуу оору пайда кылса бардык чыгымдарды өз мойнуна алууга милдеттендирилсин.
- купка акысы 1 койго -20 сом төлөнсүн.
13. Айыл чарба техникаларын иштеткендерге, мал баккан чабандарга патент алдыруу боюнча эскертүүлөрдү берүү Улахол муниципалдык ишканасына, салык кызматкерлерине, айыл башчыларга, айыл кураторлоруна милдеттендирилсин.
14. Айылдын көчөлөрүнө кум, таш, топурак жана башка курулуш материалдарын жана башкаларды төгүп көчөнү тарыткан атуулдарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык 5500 (беш миң беш жүз) миң сом айып салынсын.
Таштандылардын айылдардагы белгиленген жерлерге гана төгүлүшүн көзөмөлгө алуу жер адисине, айыл башчыларга жана айыл кураторлоруна жүктөлсүн.
15. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жана бадачылар менен келишимдерди түзүү, жайытын чектеп берүү Улахол муниципалдык ишкансына жана жайыт боюнча инспектору Т.Абыкановко, ветеринария, мал чарба жана жайыт боюнча башкы адис А. Дыйкановко, вет.инспектор Т. Мамбетовго, жерге жайгаштыруу, жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адисине, айыл башчыларга тапшырылсын.
16. Бул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Улахол айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынан суралсын.
17. Бекитилген токтомду областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу Н.Б.Өмүровага тапшырылсын.
18. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.