Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН I КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 20-февралы № 14/89
Куйбышев айылындагы А. Осмонов атындагы маданият үйүнө электр мамычаларын, трансформатор орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 19.02.2026-жылдагы 02-2-4/51 каты боюнча Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылындагы А. Осмонов атындагы маданият үйүнө электр мамычаларын, трансформатор орнотууга 16 кв.м жерди берүүгө макулдук берүү үчүн Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылындагы А. Осмонов атындагы маданият үйүнө электр мамычаларын, трансформатор орнотууга 16 кв.м жерди бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | И. Мукамбетов |