Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН I КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 20-февралы № 14/90
Көр-Булак участкасында жайгашкан №31 контурундагы 0,49 га жерге суу бөлүштүрүүчү резервуарын курууга Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 19.02.2026-жылагы №02-2-4/47 каты боюнча Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Көр-Булак участкасында жайгашкан №31 контурундагы 0,49 га жерге суу бөлүштүрүүчү курулма резервуар курууга жана убактылуу пайдалануу үчүн макулдук берүүгө Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Көр-Булак участкасында жайгашкан №31 контурундагы 0,49 га жерге суу бөлүштүрүүчү курулма резервуарын курууга Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын келишим түзүү жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | И. Мукамбетов |