Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын
№14-3 Токтому
15-май 2026-жыл
Баш-Булак айылдык кеӊешинин аймагындагы Торгой-Булак айылындагы мектептин башкы планда көрсөтүлгөн 10200 метр кв. жер тилкесине мектептин жаӊы имаратын куруу жөнүндө
Баш-Булак айылдык кеӊешинин аймагындагы Торгой-Булак айылынын тургундарынын мектептин жаӊы имаратын куруу суроо-талабын канааттандыруу максатында Баш-Булак айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Торогой-Булак айылынын тургундарынын мектептин жаӊы имаратын куруу суроо-талабын канааттандыруу максатында айылдын башкы планда көрсөтүлгөн 10200 метр кв. муниципалдык менчикте турган жер тилкесине малекеттик акт алынсын жана жаӊы имаратын курууга сунуш берилсин.
2. Айылга мектептин жаӊы имаратын куруу үчүн тиешелүү органдарга, коомдук кайрымдуулук фонддорго кайрылуу жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага: |
| А. Бакиров |