Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын
№14/4 Токтому
15-май 2026-жыл
Баш-Булак айылдык кеӊешинин аймагындагы Торгой-Булак айылындагы бала бакчанын чиймеси өзгөргөндүгүнө байланыштуу башкы планда көрсөтүлгөн 2479 метр кв. жер тилкесине бала бакчанын жаӊы имаратын куруу жөнүндө
Баш-Булак айылдык кеӊешинин аймагындагы Торгой-Булак айылынын тургундарынын бала бакчанын жаӊы имаратын куруу суроо-талабын канааттандыруу максатында Баш-Булак айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Торогой-Булак айылынын тургундарынын бала бакчанын жаӊы имаратын куруу суроо-талабын канааттандыруу максатында бала бакчанын чиймеси өзгөргөндүгүнө байланыштуу айылдын башкы планда көрсөтүлгөн 2479 метр кв. муниципалдык жер тилкесине мамлекеттик акт алынсын жана жаӊы имаратын курууга сунуш берилсин.
2.Айылга мектептин жаӊы имаратын куруу үчүн тиешелүү органдарга, коомдук кайрымдуулук фонддорго кайрылуу жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
| А. Бакиров |