Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясынын
№15/1 Токтому
02-июнь 2026-жыл
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ордо айылындагы №567 контурдагы 7 га жер аянтына даярдалган башкы пландын өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу аны бекитүү жөнүндө
Коомдук угууда турган Баш-Булак айылдык кеӊешинин аймагындагы Кызыл-Ордо айылындагы 7 га жер тилкесинин 5 гектары 2005-жылдын 6-декабрында №557 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана 2021-жылдын 29-июнунда №48 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде “айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “калктуу конуштардын” жерлери категориясына которулган. Башкы план даярдалганда Кызыл-Ордо айылынын №567 контурундагы 2 га жер тилкесинин координаттык чекиттери отурбай калгандыктан өзгөртүлгөн башкы планды бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Башкы план даярдалганда Кызыл-Ордо айылынын №567 контурундагы 7 га жер тилкесинин координаттык чекиттери отурбай калгандыктан, “Ош ПРОЕКТСТРОЙ” (шифр 57/11) тарабынан иштелип, өзгөртүлгөн башкы план бекитилсин
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеӊешинин Жер, айыл чарбасы, экология жана архитектура, курулуш транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
| А. Бакиров |