Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 24-апрели №3/1
Гүлчө шаарынын мэриясына караштуу Кара-Суу участкасынын 2 100 метр болгон ички жолуна асфальт төшөө боюнча долбоор жөнүндө
Гүлчө шаарынын кеңеши, Гүлчө шаарына караштуу Кара-Суу участкасынын 2 100 метр болгон ички жолуна асфальт төшөө жумушунун жалпы наркы 21 983 359 (жыйырма бир миллион тогуз жүз сексен үч миң үч жүз элүү тогуз) сом акча каржатын түзүп, анын ичинен элдик салым 500 000 (беш жүз миң) сом жана жергиликтүү бюджеттен 6 595 008 (алты миллион беш жүз токсон беш миң сегиз) сом акча каражаты каралып, аталган долбоорду толук ишке ашыруу максатында Облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо үчүн, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-5-пункттарынын негизинде токтом кылат:
1. Гүлчө шаарынын тургундары үчүн жол шарттарын жакшыртууга, транспорттук каттамды жеңилдетүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүүнө кам көрүү максатында, Гүлчө шаарына караштуу Кара-Суу айылынын 2 100 метр ичкижолуна асфальт төшөө долбоору боюнча Облустук өнүктүрүү фондусунан 14 888 351 (он төрт миллион сегиз жүз сексен сегиз миң үч жүз элүү бир) сом акча каражатын алуу жагы суралсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен кабыл алынган токтомдун негизинде юридикалык документтерин тактап, даярдап, аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө шаарынын мэри Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчиктер, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Б.Самиев |