Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы №2/11
Таштандынын төлөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө жана «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексинин 75-беренесине ылайык, «Гүлчө коммуналдык чарбасы» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек уулу Азаматтын билдирүүсүн угуп, Гүлчө шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Гүлчө шаарына 1 (бир) жашоочуга бир жылына таштанды үчүн жыйым 100 (жүз) сомдон болуп белгиленсин, ал эми коммуналдык, тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу кызматы үчүн тариф 2025-жылдын 2025-жылдын 1-июлундагы жергиликтүү кеңештин №9/6 токтомуна ылайык кабыл алынсын.
2. Таштандыны чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.
3. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б.Самиев |