Загрузка документа…
Памир-Алай айылдык Кеңешинин кезексиз 2-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 09-февралы №5
Сары-Таш айылындагы таза суу тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктун жетекчилике алып, Памир-Алай айылдык кеңеши, Памир-Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылында калк үчүн таза суунун тарифи 1 (бир) куб метр үчүн 80 (сексен) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Социалдык объектилер (мектеп, бала бакча, оорукана жана башка мекемелер) жана коммерциялык объектилер үчүн таза суунун тарифи 1 (бир) куб метр үчүн 135 (жүз отуз беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Памир-Алай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Памир-Алай айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Айтмаматов |