Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин кезексиз 2-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 01-апрели №6
Кызыл-Суу участкасындагы жер тилкесинин категориясын өзгөртүү(трансформациялоо) жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Суу участкасындагы Ош-Эркештам унаа жолунун №131-контурунда жайгашкан таштуу жайыт жерден 4,3га жер аянтына асфальт чыгаруучу завод куруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына жана 2024-жылдын 4-октябрындагы №665 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” жобосунун негизинде, ошондой эле экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо менен Памир-Алай айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Суу участкасындагы Ош-Эркештам унаа жолунун №131-контурунда жайгашкан таштуу жайыт жерден 4,3га жер аянтына асфальт чыгаруучу завод куруу максатында “Өнөр жайын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2.Жер тилкесин трансформациялоо иштерин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү Памир-Алай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Памир-Алай айыл аймагынын башчысы К.Анарбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Айтмаматов |