Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин кезексиз 4-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-апрели №7
Памир-Алай айыл өкмөтүнүн балансындагы ички ирригациялык каналдарды Алай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 10-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомун жетекчиликке алып, Памир-Алай айылдык кеңеши Памир-Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн балансындагы 20 000 (жыйырма миң) сомдук Сары-Могол-1 каналы – 4,1 км (2000-ж.), Сары-Могол-2 каналы – 2,8 км (2000-ж.) ички ирригациялык каналдары Алай райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү өткөрүп берүү–кабыл алуу иш кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Памир-Алай айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Айтмаматов |