Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин кезексиз 5-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-апрели №8
Жайыт акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын жер кодексинин 24-беренесинин 6-пуктуна ылайык Памир-Алай айылдык кеңеши «Жаңы Сары-Таш» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Жетимиш уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Памир-Алай өкмөтүнүн тургундарынын жайыт акы төлөмдөрү, бодо малга (уй,жылкы,топоз КРС) бир башка 100 сом жана майда жандыкка (кой,эчки МРС) бир башка 50 сом болуп байлансын.
2.Памир-Алай өкмөтүнүн аймагына сырттан келген малдардын жайыт акы төлөмдөрү, бодо малга (уй,жылкы,топоз КРС) бир башка 300 сом жана майда жандыкка (кой,эчки МРС) бир башка 100сом болуп байлансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы «Жаңы Сары-Таш» муниципалдык ишканасынын жетекчисине тапшырылсын.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Н. Айтмаматов |