Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН I КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 20-февралы № 14/91
Миң-Булак айыл аймагында Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтому менен бекитилген «Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартибинбекитүү жөнүнө» жана Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 17-февраль 2026-жылдагы №02.2-4/41 каты боюнча талкулап, Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартибин бекитүү жөнүндө жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | И. Мукамбетов |
Миң- Булак айыл аймагынын айылдык
Кенешинин______- чакырылышынын
кезексиз _______ сессиясынын
20___-жылдын “____”____________
№_____токтому менен бекитилди
Нарын районунун Миң- Булак айыл аймагынын көрүстөндөрүндө “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмалардыорнотуу тартиби жөнүндө»
1. Жалпыжоболор;
2. Көрүстөндөрдү уюштуруу жана каттоо тартиби;
3. Көмүү иштерин жүргүзүү тартиби
4. Көрүсөндөрдү тейлөө жана санитардык талаптар
5. Көрүстөндөргө эстеликтерди курулмаларды орнотуу тартиби
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери
7. Көзөмөл жана жоопкерчилик
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 токтому менен бекитилген. « Көрүстөндөрдү уюштуруу жана көмүү иштерин жүргүзүү жөнүндө нускаманын» негизинде иштелип чыгып, Миң- Булак айыл аймагында көрүстөндөрдү уюштуруунун, каттоонун, пайдалануунун жана көмүү иштеринжүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
Жобонун максаты; Миң-Булак айыл аймагында көрүстөндөрдүн абалын жакшыртуу, тазалыгына, коопсуз жана санитардык талаптарга ылайык кармоо, көмүү иштеринин
мыйзамдуу жана бирдиктүү тартипте жүргүзүлүшүнкамсыз кылуу. Бул Жобо Миң-Булак айыл аймагында көрүстөндөрдун абалын жакшыртуу таза, коопсуз жана санитардык талаптарга ылайык кармоо, көмүү иштеринин мыйзамдуу жана бирдиктүү тартипте жүргүзүлүшүн камсыз кылуу. Бул Жобо Миң-Булак айыл аймагындагы бардык калк жашаган конуштарга, диний уюмдарга, жарандарга, ошондой эле көмүү иштерин мыйзамдуу жана бирдиктүүтартипте жүргүзүлүшүн
камсыз кылуу. Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү аймактагы көрстөндөрдүн
мыйзамдуу пайдаланылышын, эсепке алынышын жана жайгашкан жерлеринин так белгиленишин Миң-Булак айыл айыл өкмөтүнүн жер,турак жай жерге жайгаштыруу боюнча адистерине жана айыл башчылары камсыз кылат. Жобонун максаты Миң-Булак айыл аймагында көрүстөндөрдүн абалын жакшыртуу, тазалыгына, коопсуз жана санитардык талаптарга ылайык кармоо.
2. Көрүстөндөрдү уюштуруу жана каттоо.
Көрүстөндөрдү уюштуруу жана жаңы көрүстөн үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси Миң-Булак айылдык кеңешинин чечими менен бекитүү. Ар бир көрүстөн боюнча атайын журнал жүргүзүү, ал журналга жер тилкесинин кадастрдык номери, аянты, жайгашкан жери, пайдалануу максаты жанажооптуу адамды көрсөтүү. Айыл аймагынын башкы планына ылайык көрстөндөрдүн планы жана схемасын түзүү.
Журналда көрүстөндөрдүн чеги, кируу-чыгуу жолдору, көмүлгөндөрдун катарлары жана бош жерлерди белгилөө. Ар бир көрүстөнгө жооптуу адамдлы дайындоо. Ал көрстөндун тазалыгына жана көмүүиштеринин туура жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт.
3. Көмүү иштеринин жургузуу тартиби
· Көмүү иши жергиликтүү салттарга жана диний эрежелерге ылайык, санитардык нормаларды сактоо менен жүргүзүлүш керек.
· Көмүү аяктагандан кийин журналга маркумдун аты-жөнү, туулган жана каза болгон датасы, көрүстөндүн тилкеси жана катар номери жазылат.
· Көрүстөндөрдү уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө, таштанды төгүүгө, мал жайууга жана автоунаа токтотууга тыюу салынат.
4. Көрүстөндөрдү тейлөө жана санитардык талаптары
Миң-Булак айыл өкмөтү жыл сайын көрүстөндөрдун абалы боюнча инвентаризацияжүргүзүүгө, тазалоого жана санитардык иштерин уюштурат.