Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-майы №11
Памир-Алай айыл аймагында тиричилик таштандыларын чыгаруу кызмат акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 11) пунктчасына ылайык, Памир-Алай айылдык кеңеши Памир-Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Памир-Алай айыл аймагында тиричилик таштандыларын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча төмөнкү кызмат акысынын тарифтери бекитилсин:
– Ар бир турак үй үчүн – айына 100 (жүз) сом;
– Дүкөндөр (магазиндер) үчүн – айына 1000 (бир миң) сомдон 3000 (үч миң) сомго чейин;
– Кафелер үчүн – айына 3000 (үч миң) сомдон 5000 (беш миң) сомго чейин;
– Базарлар үчүн – айына 15000 (он беш миң) сомдон 50000 (элүү миң) сомго чейин.
2.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн астында түзүлгөн «Жаңы Сары-Таш» муниципалдык ишканасына Памир-Алай айыл аймагында тиричилик таштандыларын чогултуу, ташып чыгаруу, тейлөө жана бекитилген тарифтер боюнча төлөмдөрдү чогултуу милдети жүктөлсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Памир-Алай айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Айтмаматов |