Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-майы №10 Сопу-Коргон айылы
Алай райондук прокуратурасынын 2026-жылдын 6-апрелиндеги №11-84-2026 сандуу Каршылык билдирүүсүн жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын
2-мартындагы №01-19/180 сунуш катын кароо жөнүндө
Алай райондук прокуратурасынын 2026-жылдын 6-апрелиндеги №11-84-2026 сандуу Каршылык билдирүүсүн жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 2-мартындагы №01-19/180 сунуш катын карап чыгып, талкуулап, «Кыргыз Республикасынын ченемдик актылар жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин 3-пунктун жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин, 2-пунктунун 8-пунктчасын жетекчиликке алып,Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин 3-пунктунун жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин, 2-пунктунун 8-пунктчасынын негизинде, Чий-Талаа айылындагы жери аныкталып, курула элек бала бакчага, Чий-Талаа айылынын тургуну Аникеева Акпаринин атын ыйгаруу максатында “Акпари эне” аталышын берүү тууралуу мурдагы К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-январындагы №13/7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Жогорудагы бала бакчага тиешелүү юридикалык документтерин кайрадан бүткөрүү жагы Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |