Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-майы №11 Сопу-Коргон айылы
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Ы.Карыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин Регламентинин негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставы бекитилсин. (тиркелет)
2. Жогорудагы кабыл алынган жергиликтүү жамааттардын Уставынын негизинде иш алып баруу жана айыл аймагынын баардык жамааттарына тааныштыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |