Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-майы №12 Сопу-Коргон айылы
Көлдүк айылынын Көл участкасына эс алуучулардын кирүү тарифин бекитүү жөнүндө
«Көлдүк» жаратылышты коргоо фондунун жетекчиси К.М.Темишовдун кайрылуусунун негизинде, Көлдү жана жаратылышты коргоо максатында Көлдүк айылынын Көл участкасына эс алуучулардын кирүү тарифин бекитүү максатында Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Көлдүк» жаратылышты коргоо фонду менен макулдашылган төлөм тарифтери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Сырттан келген конокторго
– бир адамга 75 сом
– бир автоунаага 100
Айыл аймагынан келген конокторго
– бир адамга 50 сом
– бир автоунаага 80сом
2. Жогорудагы төлөмдөрдөн түшкөн каражаттар «Көлдүк» жаратылышты коргоо фондунун эсебине төгүлсүн жана Көлдү коргоого, жаратылышты сактоого жумшоо жагы жогорудагы фонддун жетекчиси К.М.Темишовго эскертилсин.
3. «Көлдүк» жаратылышты коргоо фондунун Жобосуна ылайык коомдук коопсуздук, санитардык жана жаратылышты коргоо эрежелерин сактоо жагы жогорудагы фонддун жетекчилигине милдеттендирилсин.
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин 3-пунктунун жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, 2-пунктунун 8-пунктчасынын негизинде мурдагы К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14-июлундагы №32/1 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге тапшырылсын.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |