Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 12-августу № 8/2
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомундагы Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинде бекиген сметасына ылайык көмүр сатып алууда үнөмдөлгөн 380500 (үч жүз сексен мин беш жүз) сом акча каражатын 2224 көмүр алуу беренесинен, 2215 башка чыгымдар беренесинен 193100 (Бир жүз токсон уч миң бир жүз) сом акча каражатын, 3111 имараттар жана курулуштар беренесине тагыраак айтканда Чет-Нура айылдык клубун жылуулоо жана Төш-Булак айылындагы башталгыч мектебинин айланасын коруу долбоорлорунун өздүк салымы үчүн жылдырылып берилсин.
2. Токтомду аткарлышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине А.Мамырбековго тапшырылсын.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |