Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 12-августу № 8/3
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү V сессиясынын №5/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү V сессиясынын №5/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовдун кайрылуусун карап жана атлкуулап Чет-Нура Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү V сессиясынын №5/1 токтому менен өзгөртүлүп бекитилген 3111 имараттар жана курулуштар багытындагы Ийри-Суу айылындагы Көк-Жайык участкасын коруу үчүн каралган акча каражаттан үнөмдөлгөн 10000 (он миң) сом акча каражатын, Бала бакчалардын учурдагы ремонт иштеринен үнөмдөлгөн 11000 (он бир миң) сом акча каражатын, мектептердин интернети үчүн каралган 16200 (он алты миң эки жүз) сом акча каражатын, 2215 башка чыгымдар беренесинен 262 800 (эки жуз алтымыш эки мин сегиз жуз) сом акча каражатын, жалпы 300 000 (уч жуз мин) сом акча каражаты 3111 имараттар жана курулуштар багытына өзгөртүлүп бекитилип Ак-Булун айылындагы жаны курулуп жаткан ФАПтын имаратынын жылуулугуна сарпталсын.
2. Токтомду аткарлышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Мамырбековго тапшырылсын.
3.Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |