Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы №12/1 Кум Арык айылы
Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин жана айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө айыл өкмөт башчынын отчету
Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин жана айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө айыл өкмөт башчынын отчетун угуп жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык,бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин 8-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин жана айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө айыл өкмөт башчынын отчету канаатандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |