Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы №12/3 Кум Арык айылы
Ар түрдүү маселелер ( Гайрат айылына балдар бакчасын курууга 1,0 га ФПСтин суулуу жеринен ажыратууга макулдук берүү,таза суунун тарифин жогорулатууга макулдук берүү,Ак Жар айылынан№ 33 контурдан 0,26 га жайыт,№42 контурдан 0,50га жайыт, жалпы 0,76 га жайыт жерди мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан,өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын,энергетиканын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун Гайрат айылына балдар бакчасын курууга 1,0 га ФПСтин суулуу жеринен ажыратууга макулдук берүү, таза суунун тарифин жогорулатууга макулдук берүү, Ак Жар айылынан №33 контурдан 0,26 га жайыт,№42 контурдан 0,50 га жайыт, жалпы 0,76 га жайыт жерди мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан, өнөр, жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө билдирүүлөр келип түшкөнүн ,бул билдирүүлөр жер боюнча туруктуу комиссияга жөнөтүлгөнүн айтып өттү. Жоош айылдык кеңештин архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 26.01.2026-жылы жогрудагы маселелерди карап отурум өткөргөндүгүн жана кортунду кабыл алынгандыгын комиссиянын төрагасы Н.Жумабаев билдирди. Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Гайрат айылына балдар бакчасын курууга 1,0 га жер аянтын, Жоош айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун суулуу жеринен ажыратууга макулдук берилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Ак Жар айылынан № 33 контурдан 0,26 га жайыт, № 42 контурдан 0,50га жайыт, жалпы 0,76 га жайыт жерди мамлекеттик менчикке алууга жана “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Жоош муниципалдык ишканасынын, таза суунун тарифин жогорулатуу боюнча билдирүусүнүн жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 29.01.2026-жылдагы №4/1 буйругунун негизинде, «Жоош» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү, ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын тарифи, бир адам үчүн 1мЗ ичүүчү таза суу үчүн төлөм, 27,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |