Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы №12/4 Кум Арык айылы
Ар түрдүү маселелер : ( №59 Кесиптик лицейдин атын өзгөртүү боюнча 10.06.2025-жылдагы элдик жыйындын протоколун жана лицейдин педагогикалык кенешмесинин 17.06.2025-жылдагы чечимин, № 42 Маданият орто мектебинини атын өзгөртүү боюнча 05.12.2025 – жылдагы элдик жыйындын протоколун жана Ай – Бүзү МЧББУ директору А.Н. Кедееванын 19.12.2025 – жылдагы № 10 билдирүүсүн кароо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун № 59 Кесиптик лицейдин атын өзгөртүү боюнча 10.06.2025-жылдагы элдик жыйындын протоколун жана лицейдин педагогикалык кенешмесинин 17.06.2025-жылдагы чечимин, № 42 Маданият орто мектебинини атын өзгөртүү боюнча 05.12.2025 – жылдагы элдик жыйындын протоколун жана Ай – Бүзү МЧББУ директору А.Н. Кедееванын 19.12.2025 – жылдагы № 10 билдирүүсү менен тааныщтырды жана жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII - чакырылыш кезектеги 12-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн №59 Кесиптик лицейдин элинин 10.06.2025-жылдагы элдик жыйындын протоколунун жана лицейдин педагогикалык кенешмесинин 17.06.2025-жылдагы чечиминин негизинде №59 Кесиптик лицейдин атын өзгөртүү маселеси,лицей Мамажан айылына тийиштүү болгондуктан,анын эли менен жыйын өткөргөндөн кийин кароо сунушталсын.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн №42 Маданият орто мектебинини атын өзгөртүү боюнча 05.12.2025 – жылдагы элдик жыйындын протоколу болуп, бирок № 42 Маданият орто мектебинини педагогикалык кенешмесинин чечими жок болгондуктан, маселени тактап чыгуу үчүн атайын комиссия түзүп, мектеп коллективи жана эл менен жолугушуу өткөрүү жагы Жоош айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылындагы «Ай – Бүзү» МЧББУ директору А.Н. Кедееванын 19.12.2025 –жылдагы №10 билдирүүсүндө көрсөтүлгөн,эски мектептин имааратын бала бакчага өткөрүп берүү маселесин кароо жагы Жоош айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |