Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы №12/5 Кум Арык айылы
Ар түрдүү маселелер (Ала-Тоо айыл аймагы менен Жоош айыл аймагынын ортосунда жер алмашуу жөнүндө).
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун, Ала-Тоо айыл аймагы менен Жоош айыл аймагынын ортосунда жер алмашуу жөнүндөгү маселени карап берүү боюнча, Жоош айыл өкмөтүнүн 29.01.2026-жылдагы катында Бирдик айылынын айыл макамын алууга бирден-бир тоскоолдук Жоош айыл өкмөтү менен Ала-Тоо айыл өкмөтүнун чек ара сызыгы болуп жаткандыгын жана Жоош айыл өкмөтүнө тийиштүү болгон Бирдик айылынын бир бөлүгү же болбосо Ала-Тоо айыл аймагына тиешелүу болгон 24,43 га жер аянтында бүгүнкү күндө Жоош айыл өкмөтүнө тийиштүү болгон Бирдик айылынын эли жашап келгендигин,Бирдик айылынын мектеби жана ФАП, социалдык обьектилери да Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында тургандыгын далил келтирген.Бул маселе боюнча, райондук сотко доо арыз жазылып,бирок тиешелүү документтердин жетишсиздигинен,доо арыз кайра кайтарылган.Андыктан Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, тең мерчемдүү жер аянтын берүү менен маселени чечүү жыйынтыгына келген. Жоош айылдык кеңештин архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 30.01.2026 – жылы жогорудагы маселелерди карап отурум өткөргөндүгүн жана кортунду кабыл алынгандыгын билдирди. Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII - чакырылыш кезектеги 12-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтү менен Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн ортосундагы жер алмашуу маселеси, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Министирлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын катынын негизинде корсотүлгөн, төмөндөгү контурлардагы:
685 контурдан-2,80 га
686 контурдан-0,56 га
698 контурдан-1,68 га
705 контурдан 0,40 га
707 контурдан 12,43 га
708 контурдан 1,63 га
710 контурдан 3,90 га
711 контурдан 0,26 га
712 контурдан 0,56 га
713 контурдан 0,85 га, жалпысы болуп 25,07 га жер аянтын, Бирдик айылындагы жерлерден алмашууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |