Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-апрели №13/2 Кум Арык айылы
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы, Ак Жар айылында, шагыл алып, аны иштетип жаткан ишканалардын, жергиликтүү бюджетке төгүп жаткан ижара акыларын кароо жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн башкы салык инспектору Б.Насырованын, Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы, Ак Жар айылында, шагыл алып, аны иштетип жаткан ишканалардын, жергиликтүү бюджетке төгүп жаткан ижара акыларын кароо жөнүндөгү билдирүүсүн жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар туруктуу комиссияга, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын 06.04.2026-жылдагы протоколун жана кортундусун талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы, Ак Жар айылында шагыл алып, аны иштетип жаткан ишканалардын, жергиликтүү бюджетке төгүп жаткан ижара акылары 2026-жылдын 1-майынан баштап ижара келишимдери кайрадан каралып,ар ай сайын төлөнүүчү ижара акынын өлчөмү 20000 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |