Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-апрели №13/4 Кум Арык айылы
Жоош айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨПко) толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоорлор жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн проектилер менен иштөө боюнча адиси Асилбек уулу Бекназардын Жоош айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨПко) толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоорлор жөнүндөгү билдирүүсү менен тааныщтырды, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына,Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун талаптарына, Жумушчу топтун 25.02.2026-жылдагы №1 протоколунун,коомдук угуунун жыйынтыгы жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө,ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VII- чакырылыш кезектеги 13-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып,жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө толуктоолор киргизилсин.
2. Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш-аракеттер планына ылайык чакан долбоорлор сунушталсын.
3. Жоош айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
· социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча, зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, АРИСке жөнөтүлсүн.
· долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда, жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын.
· чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
· экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |