Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-апрели №13/5 Кум Арык айылы
«Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак Жар айылындагы №11 контурдагы 2,0 га жайыт жер, мамлекеттик менчикте болгондуктан,аны Жоош айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө»
Жоош айылдык кеңештин архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак Жар айылында жайгашкан №11 контурдагы 2,0 га жайыт жер аянты, мамлекеттик менчикте болгондуктан,аны Жоош айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |