Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-апрели №13/8 Кум Арык айылы
Мамажан айылынын ылдый жагындагы асфальт жолго М. Зулпукаровдун атын коюуу боюнча 20.02.2026-жылдагы элдик жыйындын протоколун жана Маданият айылындагы, Маданият орто мектебине Ж.Сатыбалдиевдин атын берүү боюнча 08.02.2026-жылдагы элдик жыйындын чечимин, кароо жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун Мамажан айылынын ылдый жагындагы асфалть жолго М. Зулпукаровдун атын коюуу боюнча 20.02.2026-жылдагы элдик жыйындын протоколу жана Маданият айылындагы, Маданият орто мектебине Ж.Сатыбалдиевдин атын берүү боюнча 08.02.2026-жылдагы элдик жыйындын чечими менен тааныщтырды жана жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн,Мамажан айылынын ылдый жагындагы асфальт жолго, Мамажан айылынын 20.02.2026-жылдагы, элдик жыйынынын протоколунун негизинде М. Зулпукаровдун атын берүүгө макулдук берилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият орто мектебине, Ж.Сатыбалдиевдин атын берүү боюнча, Маданият айылында өткөрүлгөн, 08.02.2026-жылдагы элдик жыйындын протоколунун чечиминин негизинде макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |