Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-апрели №13/9 Кум Арык айылы
«Жоош-агын суу» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык Жоош айыл өкмөтүнүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу, элден түшкөн суроо-талаптарды эске алып, учурда иштеп жаткан СПАлардын ишин жакшыртуу үчүн аларды ирилештирип кайрадан түзүү максатында «Жоош-агын суу» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн алдында “Жоош-агын суу” муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана төмөндөкүдөй аталсын:
«Жоош-агын суу» муниципалдык ишканасынын толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде:«Жоош-агын суу» муниципалдык ишканасы
Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие «Жоош-агын суу»
«Жоош-агын суу» муниципалдык ишканасынын кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Жоош-агын суу» МИ
Расмий тилде аталышы: МП «Жоош-агын суу»
2. «Жоош-агын суу» муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |