Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-апрели №13/10 Кум Арык айылы
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин агын сууга төлөнүүчү тарифин бекитүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн тургундарын агын суу менен камсыз кылуу, элден түшкөн суроо-талаптарды эске алып, учурда иштеп жаткан «Султан-Наз» СПАнын ишин жакшыртуу үчүн, Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин агын сууга төлөнүүчү тарифин карап берүү боюнча билдирүүлөрүн угуп жана Жоош айылдык кеңешинин алдындагы регламент, депутаттык этика, дин иштери, мандат, мыйзамдуулук, укуктук тартипти сактоо, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын 09.04.2026-жылдагы отурумунун протоколун жана кортундусун угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин агын сууга төлөнүүчү тарифи 1 га үчүн 2750 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |