Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
3-кезексиз сессиясы
2026-жылдын 28-майы №1
Кошумча план бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-пунктуна ылайык,Учкун айылдык кенешитоктом кылат:
1. Учкун айыл аймагынын Куланак айылынын “Айым формасы” аталышындагы фитнес клубдун ички жасалгасын жаныртуу жана керектүү жабдуулар үчүн каралган 110 950 ( бир жүз он мин тогуз жүз элүү) сом акча каражатына төлөө коду 14411100 кошумча план алууга макулдук берилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн башчысына бул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү иш-аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,муниципалдык менчик,өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.
5. Токтом айыл аймагынын сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Мамырбаев |