Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
3-кезексиз сессиясы
2026-жылдын 28-майы №3
Учкун айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы №4/5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айылдык кенешинин Жылан-Арык айылына Кън нуру менен түнкү жарыктандыруу долбоору жөнүндө 2025-жылдын 14-ноябрындагы №4/5 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Төмөндөгү долбоор ишке ашыруу үчүн жактырылсын:
Долбоордун аталышы: Учкун айыл аймагынын Жылан-Арык айылына 3 (үч) км узундуктагы аянтка түнкү көчө жарыктандыруу үчүн жабдууларды сатып алуу
Долбоордун жалпы наркы: 2 900 000 ( эки миллион тогуз жүз мин ) сом
Нарын райондук өнүктүрүү фондуна муктаждык: 2 900 000 ( эки миллион тогуз жүз мин ) сом
Учкун айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым смета жасатууга : 28 110 (жыйырма сегиз мин бир жүз онң) сом
Технадзорго: 14 050 (он төрт мин элүү) сом болуп калтырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысына бул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү иш-аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.
6. Токтом айыл аймагынын сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Мамырбаев |