Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
3-кезексиз сессиясы
2026-жылдын 28-майы №4 Куланак айылы.
Учкун айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып
чыгаруу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №90 “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндө кодексинин 74-75 –беренелерине ылайык калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым төлөмдөрүн бекитүү максатында Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактар ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери жана ишканаларда, мекемелерде иштеген ар бир жумушчунун санын эсепке алуу менен төмөндөгүдөй өлчөмдө тазалык жыйымы бекитилсин.
-Айыл өкмөтүндө, билим берүү мекемелеринде, ооруканаларда, бала бакчаларда, маданият тармагында эмгектенген кызматкерлерге бир жылга бир адамга - 50 сомдон;
- Айыл аймакта жайгашкан соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жайларга (дүкөн, мончо,чач тарач ж.б.) бир жылга ар бир чарчы метрге -10 сомдон;
2. Айыл өкмөтүнө жана салык адисине токтомдон келип чыгуучу тиешелүү аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин, төлөө жана отчеттуулук мөөнөтү 1-апрелге чейин белгиленип жергиликтүү бюджеттин эсеп счетуна төлөнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана мамлекеттик реестрге киргизилсин.
Төрага | К. Мамырбаев |