Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 02-февралы №52 Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга калган калдык каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттардын кезектүү отурумунун протоколунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы 26-январындагы №01-13/219 катынын, Савай айылдык округунун кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 26-январындагы, Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттардын 2026-жылдын 30-январындагы кезектүү отурумунун протоколдорунун негизинде 5177,1 миң сом калдык каражатынан төмөндөгү иштерге бөлүштүрүлсүн:
– Кең-Сай айылындагы 2026-жылы түзүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 4447,3 миң сом;
– Кыдырша айылындагы Ай-Бала мектепке чейинки билим берүү уюмунун алдындагы 3 саатык кыска мөөнөттүү бала бакчанын чатырын, кароолканасын оңдоп, түзөө иштерине айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн 336,1 миң сом;
– Савай айыл аймагында долбоорлорду, проекттерди даярдоо үчүн (ЖКХ 70639.2215 беренесине) 393,7 миң сом;
2. Савай айыл өкмөтүнө бөлүнгөн каражаттарды мыйзам чегинде максаттуу иштетүү боюнча чараларды көрүү жагы милдеттендирилдин.
3. 3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.
Төрага | Жанибек у.Аваз |