Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-апрели | №53 | Кызыл-Шарк айылы |
Савай айыл өкмөтүнө лизингге таштанды ташуучу атайын техника жана эксковатор алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин, Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 13-мартындагы №01-13/696 каты, Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги кезексиз XVIII отурумунун протоколунун негизде
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги кезексиз XVIII отурумунун протоколунун негизинде Савай айыл өкмөтүнүн алдындагы «Биримдик Савай» муниципалдык ишканасына лизингге таштанды ташуучу атайын техника жана эксковатор алууга макулдук берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековго «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК аркылуу лизинг жолу менен лизингге таштанды ташуучу атайын техника жана эксковатор алуу үчүн белгиленген тартипте келишимдерин түзүү жана лизинг боюнча милдеттенмелерин аткарылышын камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Жанибек уулу Аваз |